Президент Эрдоган : "Түркия дүйнөнүн эң жогорку лигасына кадам таштап жатат"

Президент Эрдоган Президенттик кабинет жыйынынан кийин пресс  - жыйын өткөрдү.

1674282
Президент Эрдоган : "Түркия дүйнөнүн эң жогорку лигасына кадам таштап жатат"

Президент Р. Т. Эрдоган Түркиянын саясий жана экономикалык жактан дүйнөнүн эң жогорку лигасына кадам таштап жаткандыгын белгиледи.

Президент Эрдоган Президенттик кабинет жыйынынан кийин пресс  - жыйын өткөрдү.

Сөзүндө Ковид  - 19  менен күрөшүүгө токтолгон Эрдоган : «Вакцинациялоо иштери ылдам жүргүзүлүүдө. Вакцинациялангандардын жалпы саны 59  миллионго жетти»,- деди.

Туризм тармагынын иштеп жаткандыгын, өндүрүш жана экспортто да кыйынчылыктын болбогондугун баса белгилеген Эрдоган : «2021 -  жылы экспортто 200 миллиардды ашып бардык мезгилдердин рекордуна жетишебиз»,- деди.

2021 -  жылы Түркиянын жетише турган өсүү катнашы менен дүйнөнүн жогорулаган экономикасы болгонун далилдей тургандыгын айткан Эрдоган : «Чоң жана күчтүү Түркияны куруу жолунда экономикада да ишенимдүү кадамдар менен алдыга жылуудабыз»,- деди.

Эрдоган буларды белгиледи : «Түркия эми саясий жана экономикалык жактан дүйнөнүн эң жогорку лигасына кадам  таштап жатат. Азыркы күндөгү долбоорлорду ишке ашырганыбызда чоң жана күчтүү Түркияны толугу менен  курган болобуз».

Тынчтык жана Эркиндик майрамынан улам 20 -  июлда Түндүк Кипр Түрк Республикасына барарын белгилеген Эрдоган : «Бүткүл дүйнөгө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын мыйзамдуулук жана адилеттик изденүүсүндө жанында экендигибизди күчтүү түрдө билдиребиз»,- деди.



Тектеш кабарлар