Эрдоган: «Биз Европанын тарыхындагы бул кара такты экинчи планга сүрүп салууга жол бербейбиз»

Президент Эрдоган Сребреница Геноцидинин 26 жылдыгына байланыштуу Босния-Герцеговинада өткөрүлгөн эскерүү салтанатына видео кайрылуу жөнөттү.

1673483
Эрдоган: «Биз Европанын тарыхындагы бул кара такты экинчи планга сүрүп салууга жол бербейбиз»

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Түркиянын босниялык боордошторунун жанында, кечээ болгондой эле бүгүн жана эртең да боло берерин айтты.

Президент Эрдоган Сребреница геноцидинин 26 жылдыгына байланыштуу Босния-Герцеговинада өткөрүлгөн эскерүү салтанатына видео кайрылуу жөнөттү.

Эрдоган билдирүүсүндө Сребреницанын жүрөктөргө тийгизген жаралары 26 жылдан кийин дагы деле кансырап келе жаткандыгын баса белгиледи.

Бул геноцидди маркум Алия Иззетбеговичтин ишенимин коргоо менен унутпай тургандыктарын баса белгилеген Эрдоган: «Биз Европанын жана адамзаттын тарыхындагы бул кара такты эч кандай жол менен экинчи планга сүрүп салууга жол бербейбиз»,-деди.

Бардык саясатчыларды жек көрүү, зордук-зомбулук жана басмырлоого каршы чыгып, жалпы адамзаттык баалуулуктардын тегерегинде биригүүгө чакырган Эрдоган: «Ар кандай диндердин, маданияттардын жана этникалык иденттүүлүктүн тоому болгон Босния-Герцеговина үчүн ички тынчтыкты жана бейпилдикти сактоо өтө маанилүү. Өлкөнүн ичиндеги ар бир аймактын туруктуулугу Босния-Герцеговина үчүн жана Босния- Герцеговинанын ырааттуулугу жалпы Европа, айрыкча Балкан өлкөлөрү үчүн абдан маанилүү. Бизге жүктөлгөн бул жоопкерчиликтин жүгүн көтөрүп, бул өлкөлөрдө тынчтыкты орнотуу биздин жалпы милдетибиз. Түркия кечээкидей эле бүгүн жана эртең дагы Босния-Герцеговинанын жана бошнак боордошторунун жанында болушун улантат»,-деп айтты.

Эрдоган: «Дагы бир жолу шейиттерибизге Кудайдан ырайым сурайм. Алла таалам эч качан сиз менен бизди мындай азапка дуушар кылбасын»,-деп айтуу менен сезимдерин бөлүштү.



Тектеш кабарлар