Түркия менен Азербайжандын машыгуусу уланууда
"Мустафа Кемал Ататүрк 2021" деп аталган машыгууга 600 аскер, 40 танк жана бронетехника, 20га жакын замбирек, 7 согуштук жана персонал тик учак менен 50 унаа катышууда.
Түрк жана Азербайжан куралдуу күчтөрү тарабынан Азербайжанда уюштурулган биргелешкен аскердик машыгуу уланууда.
Азербайжандын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, негизги максаты эки өлкөнүн армияларынын согуштук операциялар учурунда өз ара аракетин жакшыртуу, командирлердин чечим кабыл алуу жана башкаруу чеберчилигин өркүндөтүү болгон машыгууда ар кандай тапшырмалар аткарылды.
"Мустафа Кемал Ататүрк 2021" деп аталган машыгууга 600 аскер, болжол менен 40 танк жана бронетехника, 20га жакын замбирек, 7 согуштук жана персонал тик учак менен 50 унаа катышууда.
Учкучсуз учуучу аппараттар дагы колдонулган машыгуу бүгүн аяктайт.
Тектеш кабарлар
Сириянын түндүгүндө ПКК/ЙПГнын 5 террористти жок кылынды
Бул тууралуу Улуттук коргоо министрлиги социалдык медиа эсебинен маалымат берди.