Стамбул аэропорту 3 күндө 100 миңден ашуун жүргүнчүнү кабыл алды
Стамбул аэропорту эң тыгыз күндөрүн өткөрдү.
1666497
Стамбул аэропорту 25-26-27-июнь күндөрү 100 миңден ашуун жүргүнчүнү кабыл алып коронавирус (Kovid-19) пандемиясы мезгилиндеги эң тыгыз күндөрүн өткөрдү.
Стамбул аэропортунун оператору IGAнын (Istanbul Grand Airport) социалдык медиа баракчасынан жасалган билдирүүдө: «25-26-27-июнь күндөрү күн сайын 100 миңден ашуун жүргүнчүнү кабыл алып, пандемия мезгилинин эң тыгыз күндөрүн баштан кечирдик. Жүргүзүлгөн гигиеналык чаралардын негизинде саякат пландарын түзгөн бардык конокторубузду эң мыкты түрдө тосуп алууга даярбыз», деген сөздөр камтылды.
Тектеш кабарлар
Антальядагы Караван парк 36 өлкөдөн 2 миңден ашуун конокту кабыл алды
Коньяалты районунда ачылган парк, караван менен эс алууну каалагандардын сүймөнчүлүгүнө айланды.