Чавушоглу менен Лавров 30-июнда Антальяда жолугушат

Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен маалымат берилди.

1666531
Чавушоглу менен Лавров 30-июнда Антальяда жолугушат

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 30-июнда Антальяда жолугушаары маалым болду.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жасаган билдирүүдө Чавушоглу менен Лавровдун Түштүк Кавказ, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка, Афганистан, Украина, Борбор Азия, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Кара деңиз аймактарындагы абал, ошондой эле Сирия жана Ливия маселелерин талкуулай турганы белгиленди.

Билдирүүдө эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер дагы талкуулана турганы айтылып, «Ушул жылдын январь-апрель мезгилинде эки тараптуу соода көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22,5 пайызга көбөйүп, 9 миллиард 100 миң долларга жетти» деген маалымат берилди.

Билдирүүдө, эки өлкөнүн ортосундагы аскердик-техникалык жана жогорку технологиялар жаатындагы кызматташтык, коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы күрөшүү, ошондой эле Түркияда Ковид-19га каршы Sputnik V вакцинасын колдонуу жана өндүрүү маселелери талкууланары айтылган.

Түркия менен Орусиянын ортосундагы саясий диалогдун бекем экенине басым жасалган билдирүүдө, президент Режеп Таййип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин быйыл алты жолу телефон аркылуу сүйлөшкөнү эске салынды.


Этикеткалар: #Орусиянын

Тектеш кабарлар