Чавушоглу Италияда канадалык жана литвалык кесиптештери менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Италияда кесиптештери менен жолугушууда.

1665892
Чавушоглу Италияда канадалык жана литвалык кесиптештери менен жолугушту

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно жана Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис менен жолугушту.

Мевлүт Чавушоглу Италия тарабынан өткөрүлүшү пландалган террордук уюм ДЕАШ менен күрөшүү боюнча эл аралык коалициянын жана Сирия темалуу чектелген сандагы министрлердин катышуусундагы жыйналыш үчүн барган Римде Канаданын тышкы иштер министри Гарно жана Литванын тышкы иштер министри Ландсбергис менен жолугушту.

Чавушоглу Римдеги ДЕАШка каршы эл аралык коалиция жана Сирия боюнча министрлердин катышуусундагы чектелген жыйындан кийин Чоң жыйырмалыктын (G20) кезектеги төрагасы Италиянын 29-июнь шейшемби күнү Матера шаарында  өткөрө турган G20 Тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат.


Этикеткалар: #ДЕАШ , #Италия , #Чавушоглу

Тектеш кабарлар