Чавушоглу Италияда эки тараптуу жолугушууларын улантууда

Тышкы иштер министри Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан маалымат берди.

1666251
Чавушоглу Италияда эки тараптуу жолугушууларын улантууда

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Италиянын борбор шаары Римде Ливандын премьер-министринин орун басары жана коргоо министри Зейне Акер, Нидерландиянын тышкы иштер министри Сигрид Кааг жана Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг менен жолугушту.

Италия тарабынан Рим жарманке борборунда уюштурулган ДЕАШка каршы күрөшүү боюнча эл аралык коалиция жана Сирия темалуу министрлердин жыйналыштарына катышкан Чавушоглу, жыйындардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.

Тышкы иштер министри Чавушоглу Твиттердеги баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Ливандын премьер-министринин орун басары жана коргоо министри Зейне Акер, Нидерландиянын тышкы иштер министри Сигрид Кааг жана Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг менен жолугушканын маалымдады.

Чавушоглу буга чейин Канаданын тышкы иштер министри Марк Гарно жана Литванын тышкы иштер министри Габриелиус Ландсбергис менен жолугушкан болчу.



Тектеш кабарлар