Түркиянын вируска окшогон бөлүкчөлөргө (VLP) негизделген вакцинасынын Фаза-2 изилдөөсү башталды

TÜBİTAK төрагасы, профессор Д-р Хасан Мандал VLP негизиндеги вакцинанын 2-этап ыктыярчыларына бериле баштоосунан улам Анкара Онкология ооруканасында өткөрүлгөн программага катышты.

1665332
Түркиянын вируска окшогон бөлүкчөлөргө (VLP) негизделген вакцинасынын Фаза-2 изилдөөсү башталды

TÜBİTAK (Түркиянын Илимий жана Технологиялык Изилдөө Кеңеши) Ковид-19 Түркия Платформасынын алкагында иштелип чыккан жана Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун вакцинага талапкерлеринин тизмесине киргизилген, вируска окшогон бөлүкчөлөргө (VLP) негизделген вакцинанын 2-этаптабы ыктыярчыларга колдонула баштады.

TÜBİTAK төрагасы, профессор Д-р Хасан Мандал VLP негизиндеги вакцинанын 2-этап ыктыярчыларына бериле баштоосунан улам Анкара Онкология ооруканасында өткөрүлгөн программага катышты.

Мандал VLP вакцинасынын Фаза-1 изилдөөсү аяктаганын жана бүгүн алгачкы ыктыярчыларды эмдөө процессин баштагандыгын билдирди.

Мандал, «вирусту тууроочу инновациялык вакцина тобу» болгон VLP вакцинасынын Британиянын мутантына каршы иштелип чыккан версиясы да Фаза-2 баскычында колдонула тургандыгын билдирди.

Фаза-2 изилдөөсү, Фаза-1ден айырмаланып 3-борбордо жүргүзүлөрүн белгилеген Мандал, VLP вакцинасын вариациялар үчүн тез иштеп чыгууга боло тургандыгын айтты.

ЖЧТУ (Жакынкы Чыгыш техникалык университети) профессору Д-р Майда Гүрсел менен бирге вакцинаны иштеп чыккан Билкент университетинен проф. Д-р Ихсан Гүрсел вакцинанын Ухань жана Британиялык вариациялары үчүн иштелип чыккандыгын белгилеп, вакцинанын эскертүү дозаларында да натыйжалуу болот деп ойлогондорун айтты.

Болжол менен 330 ыктыярчы менен жүргүзүлө турган VLP вакцинасынын Фаза-2 изилдөөсүн июль айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.



Тектеш кабарлар