Дагы 3 ПКК террористи ынандыруу жолу менен багынып берди

Министрликтин координациясы менен жүргүзүлгөн ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында 3 ПКК террористи коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

1665335
Дагы 3 ПКК террористи  ынандыруу жолу менен багынып берди

Жикчил террордук уюм ПККдан качкан үч террорист коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, министрликтин координациясы менен жүргүзүлгөн ынандыруу иш-аракеттеринин натыйжасында 3 ПКК террористи коопсуздук күчтөрүнө багынып берди.

Террористтердин 2013-2015-жылдар аралыгында ПККга кошулуп, Сирия жана Иракта кыймылын жүргүзгөндүгү аныкталды.

Ишендирүү иш-аракеттеринин натыйжасында, ушул жылы багынып берген уюмдун мүчөлөрүнүн саны 89га жетти.

Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги Шырнактын Борбордук районунун Бестлер Дерелер аймагында 2 ПКК / КЖК террористинин таасирсиз кылынгандыгын билдирди.

Эрен-13 операциясынын алкагында аймакта операциялар улантылууда.



Тектеш кабарлар