Түркия вакциналар боюнча 8-орунда турат

Кытай 1 миллиард 140 миллион доза менен эң көп эмдеген өлкө болду.

1665251
Түркия вакциналар боюнча 8-орунда турат

Коронавируска (Ковид-19) каршы сайылган вакциналардын жалпы саны боюнча Түркия дүйнөдө 8-орунда турат.

Ковид-19 вакцинасынын маалыматтары топтолгон "Ourworldindata.org" сайтына ылайык, Кытай 1 миллиард 140 миллион доза менен эң көп эмдеген өлкө болду. 

Кытайдан кийин 321 миллион 200 миң менен АКШ, 306 миллион 660 миң менен Индия, 92 миллион 920 миң менен Бразилия, 75 миллион 960 миң менен Англия, 71 миллион 440 миң менен Германия, 50 миллион 990 миң менен Франция, 48 миллион 930 миң менен Италия, 46 миллион 686 миң доза менен Түркия, 42 миллион 790 миң менен Мексика жана 38 миллион 810 миң менен Испания турат.

Ковид-19га каршы колдонулган вакцина дүйнө жүзү боюнча 2 миллиард 880 миллион дозадан ашты.

Калкка жараша эң көп доза вакцина сайылган өлкө Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) болду.

Жалпы вакциналардын саны боюнча дүйнөдө 8-орунда турган Түркияда 100 кишиге эсептелген вакциналардын саны 55,29 түздү. 31 миллион 886 миң 563 кишиге вакцинанын биринчи дозасы, 14 миллион 800 миң 116 кишиге да вакцинанын экинчи дозасы сайылды.



Тектеш кабарлар