Түркия Улуттук Парламентинин делегациясы жолугушууларын аяктады

Түркия Улуттук Парламентинин  тышкы комиссиянын делегациясы АКШдагы бир жумалык тыгыз жолугушууларын аяктады.

1665166
Түркия Улуттук Парламентинин делегациясы жолугушууларын аяктады

Түркия Улуттук Парламентинин  тышкы комиссиянын делегациясы АКШдагы бир жумалык тыгыз жолугушууларын аяктады.

Комиссиянын төрагасы Акиф Чагатай Кылыч жолугушуулар учурунда алдыга чыккан теманын «Афганистан» болгондугун айтты. Кылыч жолугушууларда эки өлкөнүн ортосундагы бир нече тема тууралуу пикирлерин билдиришкендерин белгилеп, америкалык саясатчылар менен дагы көп диалогдо болуулары керектиги боюнча бирдей пикирге барышкандарын билдирди.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Афганистан темасынын алдыга чыккандыгын белгилеген Кылыч : «Афганистан калкына жана Афганистанга ар адйым жардам берүүгө даяр экенибизди билдирдик»,- деди.

Сүйлөшүүлөрдө Түркиянын Афганистанда калып же калбай тргандыгы суралганын белгилеген Кылыч Кабул Хамид Карзай атындагы аэропорттун коопсуздугу тууралуу Түркия менен АКШнын ортосунда техникалык сүйлөшүүлөрдүн улантылып жаткандыгын, бул маселе тууралуу кенен маалыматынын жок экендигин бирок принципте Түркиянын Афганистандын жанында экендигин айтты.

Карабах меселенин да күн тартибине келгенин белгилеген Акиф Чагатай Кылыч Түркиянын Азербайжандын жанында экендигин, муну да Вашингтондун жакшы билгендигин баса белгиледи.

Армениянын  Карабахты басып алгандыгы БУУ тарабынан да тастыкталгандыгына токтолгон Кылыч Түркиянын Карабах тууралуу жоопкерчиликтерин билдиришкендерин айтты.



Тектеш кабарлар