Стамбул аэропортунан жана Түрк аба жолдорунан жаңы рекорддор

Стамбул аэропорту менен Түрк аба жолдорунун күнүмдүк каттамдарынын саны көбөйдү.

1665159
Стамбул аэропортунан жана Түрк аба жолдорунан жаңы рекорддор

Стамбул аэропорту менен Түрк аба жолдору (THY) күнүмдүк каттамдардын саны менен жаңы рекорддорду жаңыртууда.

Алынган маалыматка ылайык, кечээ Стамбул аэропортун ички каттамдарда 37 миң 90 жүргүнчү, эл аралык каттамдарда болсо 79 миң 90 жүргүнчү пайдаланды.

Жалпысынан 116 миң 180 жүргүнчүнү тейлеген аэропорт, коронавирус (Ковид-19) пандемиясы мезгилиндеги эң кызуу күндөрдүн бирин башынан өткөрдү.

2021-жылдын 5 айында Европанын аба мейкиндигинде эң көп учкан авиакомпания болгон THY болсо 25-июндагы 1065 рейс менен пандемия башталгандан бери биринчи жолу күнүмдүк чектен (конуу саны) ашып кетти.



Тектеш кабарлар