Грузиянын премьер-министри Түркия менен мамилелерге баа берди

Иракли Гарибашвили Парламенттеги жылдык cөз сүйлөөсүндө эл өкүлдөрүнүн коңшу өлкөлөр тууралуу суроолоруна жооп берди.

1665107
Грузиянын премьер-министри Түркия менен мамилелерге баа берди

Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвили Түркия менен эки стратегиялык өнөктөш экендиктерин айтты.

Иракли Гарибашвили Парламенттеги жылдык cөз сүйлөөсүндө эл өкүлдөрүнүн коңшу өлкөлөр тууралуу суроолоруна жооп берди.

Түркия менен болгон мамилелерге баа берген Гарибашвили: «Биз акыркы жылдары Түркия менен эки тараптуу мамилелерди чыңдоо боюнча жигердүү иш алып баруудабыз. Түркия биздин стратегиялык жана эң ири соода өнөктөшүбүз»,-деди.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелерин жогорулатуу үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгилеген Гарибашвили: «Урматтуу Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган дагы эки коңшу өлкө катары биздин соода өнөктөштүгүбүздүн мындан ары чыңдалышын каалайт. Биздин жакынкы жылдардагы жалпы максатыбыз соода жүгүртүүнүн көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү болот»,-деди.

 Гарибашвили: «Ошондой эле Түркия-Грузия-Азербайжан ортосундагы кызматташтыкты үчтүк формат катары баалап жатабыз. Ошол эле учурда, ушул жылы Президент Эрдогандын демилгеси менен Жогорку Стратегиялык Кызматташтык Кеңешинин жыйынын өткөрүүнү пландап жатабыз. Аты аталган жыйналышта биз эки өлкөнүн ортосундагы бардык стратегиялык кызматташтык маселелерине баа беребиз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар