Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террорду жок кылышарын билдирди

Улуттук коргоо министри Диярбакырдагы 8-башкы реактив базасынын командирлигинде жана Малатьядагы 7-башкы реактивдик базанын командирлигинде текшерүүлөрдү жүргүздү.

1664372
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар террорду жок кылышарын билдирди

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар  террор уяларына, террористтердин баш калкалоочу жерлерине, үңкүрлөрүнө кирилгендигин белгилеп, террорду жок кылышарын билдирди.

Акар коштоосундагы түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлиги менен террор менен күрөшүү операцияларында маанилүү милдеттерди аткарган Диярбакырдагы 8-башкы реактив базасынын командирлигинде жана Малатьядагы 7-башкы реактивдик базанын командирлигинде текшерүүлөрдү жүргүздү. Акар сөз сүйлөп, террор менен күрөшүү боюнча операциялардын негизинде түрк куралдуу күчтөрүнүн өлкө ичинде жана өлкө тышында  чоң ийгиликтерге  жетишкендигин айтты жана аскердик кызматкерлерди куттуктады.

Акар : «Ирактын түндүгүндө террорду жок кылабыз. Террор уяларына, баш калкалоочу жерлерине, үңкүрлөрүнө кирилди. Талкалоо улантылууда. Булар дээрлик Синат    Хафтанинден,  Метинадан башталып Зап, Авашин  -  Басян, Хакрук, артынан Гара, Кандил, Асос менен кошо алар кайда болсо биз да ошол жердебиз. Кайда качса качышсын террорду жок кылабыз»,- деди.



Тектеш кабарлар