Түркия Европа Биримдигинин лидер саммитинде чыгарылган чечимге каршылык көрсөттү

Түркия Европа Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде кабыл алынган чечимдердин күтүлгөндөн жана керек болгон кадамдарды камтуудан алыс экендигин билдирди.

1664812
Түркия Европа Биримдигинин лидер саммитинде чыгарылган чечимге каршылык көрсөттү

Түркия Европа Биримдигинин мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде кабыл алынган чечимдердин күтүлгөндөн жана керек болгон кадамдарды камтуудан алыс экендигин билдирди.

Тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматта Бельгиянын борбор шаары Брюселде  өткөн Европа Биримдиги саммитинде Түркия тууралуу чыгарылган чечимдерге каршылык көрсөтүлдү.

Түркиянын чыңалуунун түшүрүлүшү, диалог жана кызматташуунун баштатылышы жактан өзүнө түшкөн милдетти орундаткандыгы баса белгиленген билдирүүдө : «Европа Биримдиги саммитинде Түркия темасы астында кабыл алынган чечимдер, күтүлгөн жана керек болгон кадамдардан алыс.  Европа Биримдигинин чыңалуунун төмөндөгөнүн моюнга алып, анын ичинде Бажы биримдигин жаңыртуу, позитивдүү күн тартибин ишке ашыруу үчүн конкреттүү чечимдерди кабыл алууну кечеңдетүү тактикасы, эрктүүлүктүн жоктугу жана бир же эки мүчө мамлекеттин Европа Биримдигине мүчөлүктөрүн   кыянаттыкка пайдалануусу катары көрүлүүдө»,- деп билдирилди.

Сунушталган жаңы каржылык жардам пакетинин Түркия эмес, сириялык качкындар үчүн экендиги жана Европа Биримдигинин өз тынчтыгын жана коопсуздугун камсыз кылуу үчүн таштала турган кадам экендигине көңүл бурулган билдирүүдө : «Миграция тармагындагы кызматташтыкты каржылык өлчөмгө чейин кыскартуу чоң  жаңылыштык. Бул жаатта тыгыз кызматташууну көздөө баарына пайдалуу болот»,- деп билдирилди.

Саммитте кабыл алынган чечимдердин Кипрге байланыштуу бөлүмдөрүнүн ар дайымкыдай эле грек – рум көз караштарынын кайталанышы экендиги белгиленген маалыматта бул мамилеси менен Европа Биримдигинин дагы бир жолу Кипр түрктөрүн жокко чыгарып, алардын тең укуктарын көрбөстүккө салгандыгы баса белгиленип : «Европа Биримдигинин бул мамилеси улантылган сайын Кипр маселесине салым кошуусу мүмкүн эмес. Ушул себеп менен Европа Биримдигин дагы бир жолу аралдагы чындыкты көрүүгө, Кипр түрктөрүн жана тең укуктарын таанууга жана 2004 -  жылы берилген убадаларын орундатууга чакырабыз»,- деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө жетишилген оң ылдамдоону сактап калуу жана Түркия  - Европа Биримдиги карым  - катнаштарынын кошулуу перспективасы менен «оң күн тартип беренеси» боюнча алдыга жылдырылышы үчүн 18 -  Март меморандумун бардык тарабы менен жана бүтүндүк түшүнүгү менен карап чыгып, күндүн муктаждыктарына жана жалпы кызыкчылыкка жооп бере тургандай иштей турган абалга алып келүү керектиги баса белгиленди.



Тектеш кабарлар