Түркия Гондурастын чечимине каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.

1664380
Түркия Гондурастын чечимине каршылык көрсөттү

Түркия Гондурастын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүшүн эл аралык мыйзамдарды бузуу катары баалады.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: «Гондурас бул кадам менен эл аралык мыйзамдарды, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Кудс статусу жөнүндө токтомдорун бузуп, эки мамлекеттүү чечим көз карашына жана аймактагы тынчтык үмүтүнө доо кетирди» делди.

«Гондурастын Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүшү жана элчиликтин ачылышынын өткөрүлүшү абдан капага салды. Биз бул чечимди айыптайбыз» деген сөз камтылган билдирүүдө Гондураска "бул туура эмес кадамдан" баш тартуу чакырыгы салынды.

Латын Америка өлкөсү Гондурас Тель-Авивдеги элчилигин Кудска көчүрүп, элчиликтин имаратынын ачылышын кечээ Гондурастын президенти Хуан Орландо Эрнандес жасаган.

Бул кадамы менен Гондурас Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Гватемала жана Косоводон кийин өз элчилигин Кудска көчүргөн 4-өлкө болуп калды.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 2017-жылдын 6-декабрында Кудсту "Израилдин борбору" деп тааныган жана өлкөсүнүн Тель-Авивдеги элчилиги 2018-жылы 14-майда расмий салтанат менен ачылган.



Тектеш кабарлар