Шентоп - Минниханов жолугушуусу

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп да Татарстан Республикасынын Президенти Рүстем Минниханов менен жолугушту.

1664343
Шентоп  -  Минниханов жолугушуусу

Түркия Улуттук Парламентинин спикери Мустафа Шентоп да Татарстан Республикасынын Президенти Рүстем Минниханов менен жолугушту.

Шентоп парламенттеги жолугушууда сөз сүйлөп , Түркия менен Татарстандын ортосундагы тарыхый, маданий, экономикалык байланыштардын Россия федерациясы менен болгон карым  - катнаштарды да бекемдеп, түрдүүлүк кошкон негизги фактор экендигин белгиледи. Шентоп : «Татарстандын бейпилдиги жана туруктуулугу үчүн бирдикте иштегенден кубанычтуубуз»,- деди.

Шентоп 11-майда Казандагы мектепке жасалган куралдуу кол салуудан окуучулар менен мугалимдердин каза болуп, жаракат алышынан тынчсыздангандарын белгилеп, Татарстан элине көңүл айтып, жаракат алгандардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Татарстан базарына болгон кызыгуу Түркия тараптан уланып жаткандыгын жана Түркиянын Россия федерациясындагы инвестицияларынын төрттөн бири Татарстанда экендигин белгилеген Шентоп: «Кыйын учурларда да  түрк ишкерлерине көрсөткөн колдоо жана ишенимиңиздер ар дайым эсте калат»,- деди.

«Түркия жана бир тууган түрк эли менен болгон жогорку деңгээлдеги мамилебиз бизди кубандырат»,- деген Минниханов  Россия федерациясы менен Түркиянын ортосундагы байланыштар менен кызматташуунун өнүгүшүнө багытталган Татарстан  - Түркия карым  - катнаштарынын артышы  өздөрүн кубандыргандыгын баса белгиледи.

Парламенттер аралык байланыштарды арттыруунун маанилүүлүгүнө токтолгон Минниханов, Татарстан Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин жакын арада Түркияга иш сапары менен келерин жана түрк парламенттик делегациясын  Татарстанда тосуп алуудан кубанычта болорун белгиледи.



Тектеш кабарлар