Эрдоган Хатайда ачылыш аземине катышты

Эрдоган Хатайдагы "MOBSAN өнөр жай аянтчасынын жана бүткөрүлгөн берки долбоорлордун ачылыш аземине" катышты.

1664954
Эрдоган Хатайда ачылыш аземине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз коркунучтарды өз булагында кургатабыз деп чек аранын тышына операцияларды баштадык. Өлкөбүзгө коюлууга аракет кылынган тузакты жок кылдык», деди.

Эрдоган Хатайдагы "MOBSAN өнөр жай аянтчасынын жана бүткөрүлгөн берки долбоорлордун ачылыш аземине" катышты.

Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Террордук уюм бир жагынан түштүктөгү канкор режим экинчи жагынан элибизге кол сала баштаганда биз эмне кылдык? Коркунучтарды өз булагында кургатабыз деп чек аранын тышына операцияларды баштадык. Өлкөбүзгө коюлууга аракет кылынган тузакты жок кылдык. Сценарийлерин буздук», деп айтты.

Эрдоган: «Жакында биз Шушага барып ал жактагы боордошторубуздун боштондукка чыгуу кубанычын тең бөлүштүк. Эми ушундай эле мамиле менен башка жерлерде жаңы кадамдарга даярданып жатабыз. Эгерде Түркия чет өлкөлөрдө ушундай күчтүү коопсуздук алкагын түзө албаса, анда алар бизге тынчтык беришпейт», деди.

Дүйнө менен биргеликте Түркиянын да 1,5 жылдан бери коронавирус (Ковид-19) эпидемиясынын таасири астында экендигин белгилеген президент: «Медициналык кызмат көрсөтүүдөн тартып, тамак-ашка жана коомдук коопсуздукка чейин өлкөбүз бул процессти ийгиликтүү ишке ашырды. Биз көйгөйлөрүбүздү чечүү менен жолубузду уланттык», деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар