Covid-19: Түркияда соңку абал

Акыркы 24 саатта вирустан 56 киши көз жумду.

1664957
Covid-19: Түркияда соңку абал

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 56 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 473 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 222 миң 936 тест жасалып, 477 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 630 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 7 миң 184 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 261 миң 892ге жогорулады.



Тектеш кабарлар