Чавушоглу Ливия боюнча Экинчи Берлин конференциясына катышты

Бул тууралуу Мевлүт Чавушоглу өзүнүн Твиттердеги барагында жарыялады.

1663613
Чавушоглу Ливия боюнча Экинчи Берлин конференциясына катышты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Ливия боюнча Экинчи Берлин конференциясында Ливиянын тынчтыгын, коопсуздугун, туруктуулугун жана эгемендигин колдоону уланта тургандарын баса белгилегендерин айтты.

Мевлүт Чавушоглу өзүнүн Твиттердеги барагында жарыялаган билдирүүсүндө, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жана Германиянын тең төрагалыгы астында Германиянын борбору Берлинде өткөн Ливия боюнча Экинчи Берлин конференциясына катышканын билдирди. Чавушоглу: «Биз Ливиянын тынчтыгын, коопсуздугун, туруктуулугун жана суверендүүлүгүн колдоону уланта турганыбызды баса белгиледик»,-деп бөлүштү.

БУУнун жана Германиянын колдоосу астында Түркия менен кошо эл аралык актерлордун катышуусунда өткөрүлгөн Ливия боюнча Экинчи конференциясында Ливиядагы туруктуулук жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Ливия кризисин саясий жол менен чечүү максатында биринчи жолу 2020-жылы 19-январда өткөрүлгөн конференциянын экинчисине Ливиядан келген Президенттик Кеңештин төрагасы Мухаммед аль-Менфи жана премьер-министри Абдулхамид Дибейбе, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана Ливияга байланыштуу айрым башка өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери катышышты.



Тектеш кабарлар