Мевлүт Чавушоглу Германияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Мевлүт Чавушоглу Германияда кесиптеши Хейко Маас менен жолугушту.

1663312
Мевлүт Чавушоглу Германияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Ливия тууралуу Экинчи Берлин Конференциясына катышуу үчүн Германияга барды. Мевлүт Чавушоглу Германияда кесиптеши Хейко Маас менен жолугушту. Чавушоглу жолугушууга байланыштуу твиттерден маалымат берип : «Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас менен Ливия, миграция жана бажы биримдигинин негизинде  Европа Биримдиги менен карым  - катнаштарыбыз жана туризм темаларын талкууладык»,- деп билдирди.

Чавушоглу Ливиянын премьер  - министри Абдулхамид Дибейбе менен да жолугушууларды өткөрдү.

Ливия премьер  - министрлигинин басма сөз кеңсесинен берилген маалыматка караганда Дибейбе менен Чавушоглу Берлин Конференциясында ортого салына турган саясий  позициялардын координациясын карап чыгышты.

Ливиядагы саясий процесс жана 24 -  декабрдагы шайлоо талкуулана турган Экинчи Берлин Конференциясы БУУнун жана Германиянын колдоосу астында, Түркия да болгон эл аралык актерлордун катышуусу менен бүгүн чогулат.

Ливия кризисине саясий чечүүчү жол табуу максатында биринчи болуп 2020 -  жылы 19 -  январда өткөрүлгөн конференциянын  экинчисине Ливиянын премьер  - министри Абдулхамид Дибейбе, БУУнун саясий иштерден жооптуу башкы катчынын орун басары Розмари ДиКарло жана Ливия менен байланыштуу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин катышуусу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар