Израиль күчтөрү 23 палестиналыкты камоого алды

Камоого алынгандардын арасында  16 – 17  жаштардагы эки бала менен мурунку туткундардан 2 адамдын бар экендиги белгиленди.

1663401
Израиль күчтөрү  23 палестиналыкты камоого алды

Израиль күчтөрү басып алынган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста 23  палестиналыкты камоого алды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда Израиль күчтөрү түнкү сааттарда Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстын түрдүү аймактарында тинтүү жүргүзүүдө. Бул тинтүүлөрдө Батыш Шериада 22, Чыгыш Кудста да 1 палестиналык камоого алынды. Камоого алынгандардын арасында  16 – 17  жаштардагы эки бала менен  мурунку туткундардан 2 адамдын  бар экендиги белгиленди.



Тектеш кабарлар