Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Африканын тең укуктуу өнөктөш экендигин айтты

Гвинея  - Бисуанын  Анкарадагы элчилигинин ачылуу аземи болуп өттү.

1662798
Тышкы иштер министри  Мевлүт Чавушоглу Африканын  тең укуктуу өнөктөш экендигин айтты

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Африканы колонизатор эмес, тең укутуу өнөктөш өлкө экендигин айтты.

Гвинея  - Бисуанын  Анкарадагы элчилигинин ачылуу аземи болуп өттү.

Аземге тышкы иштер министри Чавушоглу, Гвинея  -  Бисуанын мамлекеттик жана тышкы иштер, Эл аралык кызматташуу жана коомдору министри Сузи Карла Барбоса, Зимбабвенин тышкы иштер жана  эл аралык соода министри Фредерик Мусиива Макамуре Шава менен Гвинея  - Бисуанын Анкарадагы  элчиси Малам Мане катышты.

Чавушоглу бүгүн эрте менен Зимбабвенин, эми болсо Гвинея – Бисуанын  Анкарадагы элчилигинин ачылышын өткөргөндөрүн белгилеп, жакында Гвинея  - Бисуада Түркиянын элчилигин ачышарын билдирди.

Чавушоглу Гвинея  - Бисуа, Зимбабве жана бардык Африка  өлкөлөрү менен карым  - катнаштарды өнүктүү үчүн Африка өлкөлөрүндө жана Түркияда чечкиндүүлүк жана жол картасынын бар экендигин айтып, бул жылы эпидемиологиялык  абал уруксат бере турган болсо сентябрь айында Түркия  -  Африка Биримдигинин өнөктөштүк саммитин өткөрүүнү каалагандарын белгиледи.

Африканын башынан өткөргөн кыйынчылыктарга карабастан «келечек үчүн үмүт жана мүмкүнчүлүк континенти» экендигин баса белгилеген Чавушоглу Түркиянын бир топ тармактагы тажрыйбаларын Африка өлкөлөрү менен бөлүшкөндүгүн баса белгилеп : «Түркиянын Африкадагы эң чоң мүмкүнчүлүгү Түркиянын Африкага колонизатор өлкө катары эмес, Африканы тең укуктуу  өлкө катары көрүшү»,- деди.

Гвинея  - Бисуа мамлекет жана тышкы иштер, эл аралык кызматташуу жана коомдор боюнча министри Барбоса болсо : «Мен сыяктуу эле бардык Гвинея  - Бисуа жарандары үчүн Түркия жаңы бир мекен, башка бир чет өлкө эмес»,- деди.

Барбоса Түркиядагы 37 Африка элчиликтин бирөөсү болуудан жана Түркиянын 44 -  элчилигин Гвинея  - Бисуада ачарына кубангандыгын белгилеп : «Гвинея  -  Бисуанын каалгалары ар дайым сиздер үчүн ачык. Батыш Африкада мыкты өнөктөш болуу үчүн колубуздан келгенди аткарарыбызды дагы бир жолу кошумчалап кетким келет»,- деди.



Тектеш кабарлар