Түркия Кабулдагы «Хамид Карзай» аэропортун коргойбу?

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирби, күнүмдүк маалымат жыйынында суроолорго жооп берди.

1662316
Түркия Кабулдагы «Хамид Карзай» аэропортун коргойбу?

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирби Түркиянын Ооганстанда калууга жана «Хамид Карзай» аэропортун коргоого макул болгонун айтты.

Күнүмдүк маалымат жыйынында суроолорго жооп берген Кирби, Ооганстандагы коопсуздук кырдаалын жакындан байкап турушарын, бирок АКШнын толугу менен чыгып кетүү графиги өзгөргөнбөгөнүн билдирди.

Улуттук Коргоо министри Хулуси Акар менен АКШнын Коргоо министри Ллойд Остиндин (Кабул) Хамид Карзай аэропортун коргоо боюнча келишимге жетишилгенби же жокпу деген суроого Кирби, бул байланышты өткөн жумада НАТО саммитинин алдында президент Режеп Таййип Эрдоган жана АКШнын президенти Жо Байдендин жолугушуусунун уландысы мүнөзүндө экендигин айтты.

Кирби: «Түркия аэропортту коргоодо лидерликти колго алууга макул болду. Бирок дагы деле болсо деталдары иштелип жатат. Жасалышы керек болгон дагы дагы көп иштер бар. Түрк тарап АКШдан жана эл аралык коомчулуктан колдоо алышы керек деп билдирди. Биз анын үстүнөн иштеп жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар