Фахреттин Кожа Ковид - 19 эмдөөсү тууралуу билдирди

Эмдөө үчүн катталуу жаш курагы 25ке түшүрүлдү.

1662627
Фахреттин Кожа Ковид  - 19 эмдөөсү тууралуу билдирди

Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа Түркияда Ковид  - 19 эмдөөсү үчүн катталуунун жаш курагы 25ке түшүрүлүп, эртеңден тарта жазылуунун башталарын билдирди.

Кожа твиттер эсебинен берген маалыматта : «Вакцинага катталууда жаш курагы 25ке түшүрүлдү. Алгачкы катталуулар эртең башталат. Жаштар эпидемияга каршы аракетке өтсүн»,- деди.

Муну менен бирге министр Кожа кечээ соцтармактан 21 -  июндагы эмдөө программасын да бөлүшүп : «Нормалдуу турмушка өтүү үчүн 1 миллион 195 426 доза дагы берилди»,-  деп билгилеген.



Тектеш кабарлар