Эрдоган: «Биз жетишкен сонун климатты өлкөлөрүбүз үчүн максималдуу пайдага айландырабыз»
Президент Эрдоган Министрлер кабинетинин отурумунан кийин өткөргөн маалымат жыйынында, 14-июнда Бельгиянын борбору Брюсселде өткөн НАТОнун саммитинин алкагында жолугушкан АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусуна баа берди.
Президент Режеп Таййип Эрдоган, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен жолугушуусуна байланыштуу, «Биз жетишкен сонун климатты өлкөлөрүбүз үчүн максималдуу пайдага айландырууга чечкиндүүбүз»,-деди.
Президент Министрлер кабинетинин отурумунан кийин өткөргөн маалымат жыйынында, 14-июнда Бельгиянын борбору Брюсселде өткөн НАТОнун саммитинин алкагында жолугушкан АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусуна байланыштуу, «Америка Кошмо Штаттары менен диалог каналдарыбызды баардык деңгээлде бекемдөө аркылуу Байден менен болгон сонун климатты өлкөлөрүбүз үчүн максималдуу пайдага айландырууга чечкиндүүбүз»,-деди.
Эрдоган: «Түркиянын бирден-бир талабы - бардык саясий жана экономикалык тармактарда эгемендүү укуктарын урматтоо жана террордук уюмдарга каршы күрөшүүгө колдоо көрсөтүүсү»,-деп айтты.
Президент Эрдоган, Америка Кошмо Штаттары менен позитивдүү жана конструктивдүү негизде жаңы доордун эшигин ачып жаткандарына ишенгендерин белгиледи.
Эдоган саммит жөнүндө болсо, «Бул саммитте дагы бир жолу көрүлдү, эгер Түркия болбосо НАТО үчүн азыркы күчүн сактап калуу гана эмес, анын бар экендигин сактап калуу өтө татаал. НАТОдон жана анын союздаштарынан ар бир тармакта өлкөбүздүн ушул маанилүүлүгүнө жана салымына ылайыктуу мамиле күтүп жатканыбызды дагы бир жолу баса белгилейбиз»,-деп кошумчалады.
Тектеш кабарлар
Түркия Пакистанга көңүл айтты
Тышкы иштер министрлиги Пакистандагы сел апаатына байланыштуу жазуу түрүндөгү билдирүү жасады.