Түркияда коменданттык саат 1-июлдан баштап толугу менен алып салынат

Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында бүткүл Түркия боюнча жасалган биринчи жана экинчи дозалуу вакциналардын саны Түркия убактысы боюнча саат 19:57де 42 миллион 677 миң 214төн ашты.

1662270
Түркияда коменданттык саат 1-июлдан баштап толугу менен алып салынат
Aşı Covid Türkiye
super covid 19 asi calismalari.jpg

Түркияда коронавируска (Covid-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 51 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 236 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 221 миң 52 тест жасалып, 429 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 294 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 5 миң 93 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 237 миң 731ге жогорулады.

Ковид-19 менен күрөшүүнүн алкагында бүткүл Түркия боюнча жасалган биринчи жана экинчи дозалуу вакциналардын саны Түркия убактысы боюнча саат 19:57де 42 миллион 677 миң 214төн ашты.

Ошол эле учурда, президент Режеп Таййип Эрдоган Министрлер кеңешинин жыйынынан кийин өткөргөн маалымат жыйынында, Түркиядагы коменданттык саатты 1-июлдан баштап толугу менен алып салгандыктарын билдирди.

Ковид-19 эмдөө программасы жөнүндө Эрдоган мындай деди: "Биз акыркы бир жумада калкына салыштырмалуу дүйнөдө эң көп эмдөө жүргүзгөн өлкө позициясында турабыз. Биздин максатыбыз - бир нече жуманын ичинде 18 жаштан жогорку калктын бардыгына эмдөө жүргүзүү",- деди.



Тектеш кабарлар