Хулуси Акар менен Ллойд Остин телефон аркылуу сүйлөштү

Улуттук Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө Акар менен Остин кечээ телефон чалышканы кабарланды.

1661378
Хулуси Акар менен Ллойд Остин телефон аркылуу сүйлөштү

Улуттук коргоо министри Хулуси Акар АКШнын коргоо министри Ллойд Остин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуттук Коргоо министрлиги жасаган билдирүүдө Акар менен Остин кечээ телефон чалышканы кабарланды.

Билдирүүдө позитивдүү жана конструктивдүү болгон cүйлөшүүдө НАТОнун саммитинен кийин аймактык жана эки тараптуу коргонуу жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашуу болгону белгиленди.

АКШнын Коргоо министрлигинин (Пентагон) басма сөз кызматынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ллойд менен Акар эки өлкөнүн кызматташтыгы жана Ооганстандагы дипломатиялык катышууну улантуу жөнүндө сүйлөшкөнү белгиленди.

Билдирүүдө Ллойд АКШ менен Түркия ортосундагы илгертен бери болуп келген коргонуу мамилелеринин маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап, эки өлкө ортосундагы тынчтык жана коопсуздук маселелеринде жүргүзүлүп жаткан байланыш жана кызматташтык үчүн Акарга ыраазычылык билдиргени белгиленди.



Тектеш кабарлар