Эрдоган: «Качкындарды жана башпаанек издегендерди миграцияга мажбур кылган себептерди жоюу керек»

Эрдоган 20-июнь Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнүнө карата жарыялаган кайрылуусунда дүйнө жүзүндө 82 миллиондон ашуун мигрант жана 26 миллиондон ашуун качкын бар экендигин айтты.

1661587
Эрдоган: «Качкындарды жана башпаанек издегендерди миграцияга мажбур кылган себептерди жоюу керек»
Cumhurbaşkanı Erdoğan İstiklal Marşı 100. Yıl Anma Programı2.jpg

Президент Режеп Таййип Эрдоган, «Качкындарды жана башпаанек издегендерди миграцияга мажбур кылган себептерди четтетүү, чыр-чатактарды жана туруксуздукту токтотуу жана бул адамдарды үйлөрүнө кайтаруу үчүн күч-аракет жумшоо керек»,-деди.

Эрдоган 20-июнь Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнүнө карата жарыялаган кайрылуусунда дүйнө жүзүндө 82 миллиондон ашуун мигрант жана 26 миллиондон ашуун качкын бар экендигин айтты.

Акыркы 9 жылдан бери тынымсыз көбөйүп келе жаткан сандар дүйнөнүн глобалдык качкындар кризисине туш болгонун көрсөткөндүгүн билдирген Эрдоган, ар бир сан бир адам деп ойлоп, азаптын жана адамзаттын трагедиясынын канчалык деңгээлде экенин түшүнүү үчүн жетиштүү экендигин баса белгиледи.

Ооганстан менен Сирияда уланып жаткан туруксуздук миллиондогон сириялыктарды жана оогандыктарды үйлөрүнөн кууп чыккандыгын жана ошондой эле Африкадагы Сахаранын түштүгүндө жана Мьянмада абалдын эч айырмасы жок экендигин баса белгилеген Эрдоган, Түркиянын эзилгендерди жана курман болгондорду ар дайым жылуу кабыл алып, баш калкалагандарды динине, тилине, расасына жана тегине карабастан коргой тургандыгын билдирди.

 Президент Эрдоган: «Учурда биздин өлкө болжол менен 4 миллион качкын үчүн коопсуз жай болуп калды, анын 3,7 миллиону сириялыктар. Түркиянын бул аянбастык көрсөтүүсү адамзаттын кадыр-баркын, ошондой эле жапа чеккендердин жана эзилгендердин өмүрүн сактап калды.

2021-жыл Качкындардын статусу жөнүндө Женева конвенциясынын 70 жылдыгы болсо дагы глобалдык масштабдагы кызматташтык жана тилектештик чөйрөсүнө дагы деле болсо жетишилген жок. Мында өнүккөн өлкөлөрдүн башпаанек издегендердин жана качкындардын укуктарын чектеген, көчүп келүү квоталарын азайткан жана качкындардын трагедиясына кайдыгер караган саясаты маанилүү ролду ойноп жатат.

Өнүккөн өлкөлөр жоопкерчиликти жана жүктү адилеттүү бөлүшүшпөгөндөрү сыяктуу, эл аралык милдеттерин үчүнчү өлкөлөргө жүктөөгө аракет кылышат. Качкындар кризисин чечүү жолу жашоону кармануу үчүн күрөшүп жаткан бул ардактуу адамдарга гуманитардык жардам жөнөтүү гана эмес.

Качкындарды жана башпаанек издегендерди миграцияга мажбур кылган себептерди четтетүү, чыр-чатактарды жана туруксуздукту токтотуу жана бул адамдарды өз үйлөрүнө кайтаруу үчүн күч-аракет жумшоо зарыл»,-деди.

20-июнь - Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнүнүн жаңы түрдөгү коронавирустун (Ковид-19) эпидемиясынын кесепетинен улам кыйналган жана башына мүшкүл түшкөн башпаанек издеген адамдардын ушул көйгөйлөрүнүн баарынын чечилишине салым кошушун каалаган Эрдоган, ондогон жылдар бою өз жерлерине кайтып келүүнү эңсеп күткөн палестиналыктар баш болгон бардык качкындарга салам жолдоду.



Тектеш кабарлар