Чавушоглу: «Греция провокациялардан, чагымчыл кадамдардан жана бузукулуктардан баш тартуусу керек»

Чавушоглу Анталия Дипломатия форумунун аякташына байланыштуу пресс-брифинг өткөрдү.

1661475
Чавушоглу: «Греция провокациялардан, чагымчыл кадамдардан жана бузукулуктардан баш тартуусу керек»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Грециянын провокациялардан, чагымчыл кадамдардан жана бузукулуктардан баш тартуусу керектигин айтты.

Чавушоглу Анталия Дипломатия форумунун аякташына байланыштуу пресс-брифинг өткөрдү.

«Ушул жай Түркия менен Грециянын ортосунда ыңгайлуу болобу?»деген  суроосуна жооп берген Чавушоглу, Эгей жана Чыгыш Жер Ортолук деңизинде уланып жаткан чыңалуудан кийин Греция менен диалог башташканын, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, консультацияларды башташканын эске салды.

Грециянын тышкы иштер министри Никос Дендиастын Түркияга келгенин жана өзүнүн Грецияга барганын да түшүндүргөн Чавушоглу: «Биздин Президент менен Мицотакистин (Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакистин) Брюсселдеги жолугушуусу дагы абдан позитивдүү болду. Булар позитивдүү. Бардык көйгөйлөр чечилдиби, жок. Бул көйгөйлөрдү диалог аркылуу чечүүгө болгон чечкиндүүлүгүбүздү көрсөтөт. Чын ыкластуулук сакталат деп үмүттөнөм»,-деди.

Бирок ошол эле учурда Греция провокациялардан баш тартышы керектигин баса белгилеген Чавушоглу: «Биздин пресс-конференциябыз жакшы, бирок менин досум Дендиас артыбыздан көп нерселерди айтып жатат. Аларга эч кандай кажет жок. Биз аларды көрмөксөнгө салуудабыз. Эгейде туристтик мезгилде эч кандай машыгууларды өткөрбөө боюнча мырзалык келишимибиз бар. Бирок Греция Navtexти жарыялаганын көрүп жатабыз. Греция бул келишимди дагы бузууда. Греция бул провокациялардан жана чагымчыл кадамдардан баш тартышы керек. Алар өз элин бир аз канааттандыруу үчүн ушундай кылып жатышат деп билем. Бирок алардын эч кандай пайдасы жок. Биз баштаган диалогду конкреттүү кадамдарга айлантууну каалайбыз. Биз бул маселеде чын жүрөктөн иштейбиз жана чечкиндүүбүз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар