YTBнын төрагасы Абдуллах Эрен :"Бул жылы да туулган жерге карай жолго чыккандардын жанында болобуз"

YTBдан берилген маалыматка караганда Эрен Капыкуле чек ара капкасында өлкө тышында жашаган жарандардын Түркияга киришинде көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат алды.

1661151
YTBнын төрагасы Абдуллах Эрен  :"Бул жылы да туулган жерге карай жолго чыккандардын жанында болобуз"

Өлкө тышындагы түрктөр жана тектеш коомдор башкармалыгы YTBнын төрагасы Абдуллах Эрен : «Бардык коомдук мекеме жана саясатчылардын биригүүсү менен даярдыктарыбызды көрдүк. Бул жылы да «Туулган жерге карай   жолго чыккан"  жарандарыбыздын жанында болобуз»,- деди.

YTBдан берилген маалыматка караганда Эрен Капыкуле чек ара капкасында өлкө тышында жашаган жарандардын Түркияга киришинде көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат алды.

Өлкө тышында көп сандаган түрк жарандарынын бар экендигин жана жыл сайын Европада жашаган түрк жарандарынын эс алуу үчүн туулган жерине келгендигин эске салган Эрен, YTB катары жарандардын сапарынын ыңгайлуу болушу үчүн бир топ иштерди аткаргандарын айтты.

Эрен Европада жашаган түрктөрдүн чек ара капкаларынан киргенден тарта бардык муктаждыктарын камсыздоо үчүн иш  -  чараларды аткаргандарын белгиледи.

Абдуллах Эрен : «Бул жылдын дагы жандуу болушун күтүп жатабыз. 2019 -  жылдагыдай болобу билбейм. Бирок  бардык коомдук мекемелер менен саясатчылардын биригүүсү менен Түркияга кирүү үчүн даярдыктарыбызды көрдүк. Бул жылы да «Туулган жерге карай жолго чыккан» жарандарыбыздын жанында болобуз. Жарандарыбызды жолдо унаа менен бара жатканда этият болууларын эскертүүдөбүз»,- деди.

 



Тектеш кабарлар