Түркияда Ковид-19га каршы эмдөө 30 жашка түштү

Акыркы 24 саатта вирустан 51 киши көз жумду.

1661298
Түркияда Ковид-19га каршы эмдөө 30 жашка түштү

Түркияда коронавируска (Covid-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 51 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 49 миң 122 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 215 миң 496 тест жасалып, 494 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 480 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 4 миң 195 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 228 миң 419га жогорулады.

Ошол эле учурда саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттердеги эсебинде эмдөөгө дайындоонун жаш курагы 30га түшүп калгандыгын билдирип, 30 жаштан жогорку курактагы адамдар эртеңки күндөн баштап Ковид-19 эмдөөсүнө кабыл алына алаарын билдирди.



Тектеш кабарлар