Эрдоган "Атмажа" ракетасы жөнүндө билдирүү жасады

Президент Эрдоган сыноо атуусунан мурун жана бутага тийген учурда тартылган көрүнүштү да бөлүштү.

1660972
Эрдоган "Атмажа" ракетасы жөнүндө билдирүү жасады

Президент Режеп Таййип Эрдоган, "Атмажа" анти-кеме ракетасынын кечээ инвентаризацияга кире электе жасалган акыркы сыноо атуусунда биринчи жолу бир кеме бутасын таамай атканын жарыялады.

Эрдоган, Твиттердеги билдирүүсүндө: «Көгүлтүр мекенибиздин болот кылычы "Атмажа" анти-кеме ракетасы бүгүн инвентаризацияга киргизилгенге чейин жүргүзүлгөн акыркы сыноо атуусунда биринчи жолу кеме бутасына толук тактык менен сокку ура алды. Түрк куралдуу күчтөрүбүзгө жана деңиз флотубузга ийгилик каалайбыз», деди.

Президент Эрдоган ошондой эле сыноо атуусунан мурун жана бутага тийген учурда тартылган көрүнүштү да бөлүштү.



Тектеш кабарлар