Эрдоган Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн кызматташтык процессинин саммитине катышты

Эрдоган бул жерде кайрылуу жасады.

1660093
Эрдоган Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн кызматташтык процессинин саммитине катышты

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Түркия толук кандуу мүчө болбогон Европа Биримдигинин (ЕБ) өзүнө тартуу жана күч борбору болуу максатына жетиши мүмкүн эмес», деди.

Эрдоган Антальяда өткөрүлгөн «Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн кызматташтык процессинин саммитине» катышты.

Режеп Таййип Эрдоган бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Түркия толук кандуу мүчө болбогон Европа Биримдигинин (ЕБ) өзүнө тартуу жана күч борбору болуу максатына жетиши мүмкүн эместигин айтты.

Президент: «Биз бардык адилетсиздиктерге карабастан, жарым кылымдан бери туруктуу жана чыдамдуулук менен улантып келе жаткан толук мүчөлүк үчүн күрөшүбүздүн аягына чыгышын каалайбыз. Биримдиктин стратегиялык сокурлуктан тез арада кутулушун жана позитивдүү күн тартибинин алкагында кошулуу жараянын алдыга жылдыруусун күтөбүз»,-деди.

Эрдоган сөзүн төмөнкүчө улантты:

«Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрү катары биз мыйзамсыз миграциянын агымын трибуналардан көрүп отура албайбыз. Дүйнөлүк масштабда күчөгөн расизм, исламофобия жана антииммиграция барган сайын улуттук коопсуздук көйгөйүнө айланууда»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар