Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Ковид-19 менен күрөшүүдө колдонулган биринчи жана экинчи доза вакциналардын саны акыркы суткада 1 миллион 447 миң 846га көбөйдү.

1659450
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат
aşılama süper.jpg

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 71 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 950 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 227 миң 163 тест жасалып, 548 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 6 миң 221 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 4 миң 632 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 215 миң 654кө жогорулады.

Бир тараптан Ковид-19 менен күрөшүү боюнча биринчи жана экинчи доза вакцинаны алгандардын саны (Түркия убактысы боюнча 19.46) 37 миллион 59 миң 514 болду.

Ковид-19 менен күрөшүүдө колдонулган биринчи жана экинчи доза вакциналардын саны акыркы суткада 1 миллион 447 миң 846га көбөйдү.



Тектеш кабарлар