Чавушоглу: «Дипломатиядагы, талаадагы жана үстөлдөгү таасирибизди күчөтөбүз»

Чавушоглу Анталиядагы Белек туризм борборундагы NEST конгресс борборунда маалымат жыйын өткөрдү.

1659323
Чавушоглу: «Дипломатиядагы, талаадагы жана үстөлдөгү таасирибизди күчөтөбүз»

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Анталия Дипломатия Форуму менен бирге дипломатиядагы, ой жүгүртүүдөгү, талаадагы жана үстөлдөгү таасирибизди күчөтүүнү максат кылабыз»,-деди.

Чавушоглу Анталиядагы Белек туризм борборундагы NEST конгресс борборунда өткөрүлгөн маалымат жыйынында эртең боло турган Түштүк-Чыгыш Европа кызматташтык процесси саммити (SEECP) жана тышкы иштер министрлеринин жыйыны менен 18-20-июнь күндөрү өтө турган Анталия дипломатия форуму жөнүндө маалымат берди.

SEECP Тышкы иштер министрлеринин жыйынынын эртең түштөн кийин боло тургандыгын жана саммиттин түштөн кийин президент Режеп Таййип Эрдоган тарабынан өткөрүлө тургандыгын түшүндүргөн Чавушоглу, 1996-жылы түзүлгөн SEECPдин 13 өлкөнү бирдей стол тегерегинде топтогон жалгыз уюм экендигин айтты.

2020-жылы 1-июлда Косоводон SEECP мөөнөттүү төрагалыгын өткөрүп алган Түркиянын үчүнчү жолу бул процессти милдеттенгенин айткан Чавушоглу, Түркиянын 2021-жылдын 1-июлуна чейин мөөнөттүү төрагалык милдетин Грецияга өткөрүп берерин белгиледи.

Президенттик мезгилде энергетика, аялдар, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш, айыл чарбасы, миграцияны башкаруу жана жумушка орноштуруу сыяктуу темаларда 40тан ашуун иш-чараларды уюштургандарын белгилеген Чавушоглу: «Саммитке 8 мамлекеттин мамлекет же өкмөт башчылары, ал эми министрлердин жыйынына 9 мамлекеттин тышкы иштер министрлери катышат. Башка өлкөлөр дагы ар кандай деңгээлде өкүлчүлүк кылышат. Европа Биримдигинин Жогорку өкүлү Жозеп Боррелл жолугушууларды «кабыл алуучу өлкөнүн коногу» катары катышат..

Жолугушууларда аймактагы жалпы кырдаалды жана акыркы окуяларды талкуулайбыз. Саммитте жакынкы 10 жылдагы аймактын экономикасын жана өнүгүү максаттарын белгилеген Түштүк-Чыгыш Европа 2030 Стратегиялык Документи дагы кабыл алынат.

Чавушоглу саммиттен кийин биргелешкен билдирүү жарыяланарын да билдирди.



Тектеш кабарлар