Улуттук электр поезд долбоору
Караисмаилоглу Сакарияда билдирүү жасады.
1657821
Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглу улуттук электр поезддер топтомунун прототип чыгарылышы жана завод сыноолорунан кийин жол сыноолору башталгандыгын билдирип: «Биз быйыл поездибизди улутубуздун кызматына жумшайбыз», деди.
Караисмаилоглу Сакариядагы билдирүүсүндө, саатына 225 чакырым ылдамдыкка жете турган тез жүрүүчү улуттук электр поезд долбоорунда болсо дизайн процессинин уланып жаткандыгын айтты.
Министр Караисмаилоглу: «Бардык аракеттерибиз улуттук көз карандысыздык жана улуттук экономика принцибинде иш алып барган жаңы Түркияны глобалдык державага жана дүйнөдөгү алдыңкы логистикалык борборлордун бирине айлантууга багытталды», деди.