Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Акыркы 24 саатта вирустан 74 киши көз жумду.

1657950
Түркияда коронавируска каршы күрөш уланып жатат

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 74 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 48 миң 795 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 219 миң 290 тест жасалып, 428 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 5 миң 626 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 4 миң 585 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 5 миллион 206 миң 836га жогорулады.


Этикеткалар: #Ковид-19 , #Түркияда

Тектеш кабарлар