Президент Эрдогандын НАТОго билдирүүсү

Эрдоган, Брюссель форумунун "Туруктуулукка салым" темалуу сессиясында видео кайрылуу аркылуу сөз сүйлөдү.

1657778
Президент Эрдогандын НАТОго билдирүүсү

Президент Режеп Таййип Эрдоган: «Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз үчүн гана эмес, трансатлантикалык аймактын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн да маанилүү жоопкерчиликти алгандыгыбызды билебиз жана кадамдарыбызды ушул аң-сезим менен таштап жатабыз»,- деп айтты.

Президент Эрдоган, НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинин алкагында өткөрүлгөн Брюссель форумунун "Туруктуулукка салым" темалуу сессиясында видео кайрылуу аркылуу сөз сүйлөдү.

Эрдоган Түркиянын Ирактан Афганистанга, Кавказдан Балканга, Кара деңизден Жер Ортолук деңизге жана Африкага чейин туруктуулукту орнотууга багытталган бардык демилгелерди жетектегенин жана салым кошконун билдирди.

Президент Эрдоган, Түркиянын коңшулары менен болгон мамилелеринде эл аралык мыйзамды, адилеттүүлүктү жана теңдикти, өз ара укуктарды жана кызыкчылыктарды сыйлай тургандыгын айтып: «Коңшубуз жана союздашыбыз Греция менен диалогду жандандыруу аймагыбыздын туруктуулугуна жана гүлдөп өнүгүшүнө, ошондой эле эки тараптуу маселелердин чечилишине кызмат кылат деп эсептейм»,-деди.

Бүгүнкү күндө стабилдүүлүктү орнотуудагы эң чоң тоскоолдуктардын бири терроризм экендигин баса белгилеген Эрдоган: «Түркия НАТО баш болгон бардык тийиштүү эл аралык аянтчаларда терроризмге каршы күрөшүүдө биринчи катарда турат. ПКК/ ЙПГден баштап ДЕАШка жана ФЕТӨгө чейинки көптөгөн террордук уюмдар менен чек араларыбыздын ичинде жана тышында катуу күрөшүп жатабыз», деди.

Түркиянын ДЕАШка каршы күрөшкөн НАТОнун бирден-бир союздашы экендигин белгилеген Эрдоган: «Түркиянын чек араларынын бир эле учурда НАТОнун чек аралары экендиги унутулбашы керек. Бул жагынан алганда биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз үчүн гана эмес, ошондой эле трансатлантикалык аймактын коопсуздугу жана туруктуулугу үчүн да маанилүү жоопкерчиликти аркалаганыбызды билебиз жана ушул аң-сезим менен кадам таштайбыз»,-деп айтты.

Түркиянын НАТОнун операцияларына жана миссияларына эң көп салым кошкон алдыңкы 5 союздаштын жана биргелешкен бюджетке эң көп салым кошкон алдыңкы 8 союздаштын катарына киргенин белгилеген Эрдоган: «Шериктештикте эң чоң армияга ээ болгон экинчи өлкө Түркия, НАТОнун учурдагы коркунучтарга жана сыноолорго ылайыкташуусунда активдүү роль ойноп жатат. Түркия өзүнүн динамикалуу экономикасы, күчтүү коргонуу өнөр жайы, принципиалдуу тышкы саясаты жана союздаштары менен кызматташтыкта ​​глобалдык тынчтыкты, гүлдөп-өнүгүүнү жана туруктуулукту орнотууга жардам берүүнү улантат»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар