Эрдоган НАТОдо эки тараптуу жолугушууларын улантууда

Эрдоган алгач НАТОнун баш кеңсесинде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү баштады.

1657610
Эрдоган НАТОдо эки тараптуу жолугушууларын улантууда
johnson-erdogan.jpg
erdogan merkel.jpg

НАТОнун лидерлер саммитине катышуу үчүн Бельгиянын борбору Брюсселде жүргөн президент Режеп Тайип Эрдоган эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Эрдоган алгач НАТОнун баш кеңсесинде Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү баштады.

Кийин Эрдоган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Германиянын премьер-министри Ангела Меркель менен өзүнчө жолугушту.

Эрдоган ошондой эле Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен жолугушат.

Түркия убактысы боюнча саат 18.00дө Эрдогандын АКШ президенти Жо Байден менен жолугушуусу болот. Эрдоган ушул жолугушуудан кийин пресс-конференция өткөрөт.

НАТО саммитинин алкагында Эрдоган кечээ Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Литванын президенти Гитанас Науседа жана Латвиянын президенти Эгилс Левитс менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү.



Тектеш кабарлар