Эрдоган Брюсселде...

Президент Эрдоганды Брюсселдеги Мелсбрук аэропортунда Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Басат Өзтүрк, Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Мехмет Кемал Бозай, Брюсселдеги элчиси Хасан Улусой жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

1657149
Эрдоган Брюсселде...

 

Президент Режеп Тайип Эрдоган НАТОнун саммитине катышуу үчүн Бельгиянын Брюссель шаарына барды.

Президент Эрдоганды Брюсселдеги Мелсбрук аэропортунда Түркиянын НАТОдогу туруктуу өкүлү Басат Өзтүрк, Европа Биримдигиндеги туруктуу өкүлү Мехмет Кемал Бозай, Брюсселдеги элчиси Хасан Улусой жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Эрдоган Брюсселде турган мейманканага келгенде, аны түрк желектери менен күтүп турган арасында палестиналыктар да болгон бир топ  жылуу сезимдери менен тосуп алышты.

Президент Эрдоган жана анын жубайы Эмине Эрдоган дагы кызматтык унаадан аларды күтүп тургандарга салам беришти.

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрө турган президент Эрдоган, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Литванын президенти Гитанас Науседа жана Латвиянын президенти Эгилс Левит менен жолугушту.

Эрдоган ошондой эле Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Грециянын премьер-министри Кириакос Мицотакис менен өзгөчө жолугушууларды өткөрөт.

Эрдогандын Франциянын президенти Эммануэль Макрон жана Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте менен жолугушуусу да пландаштырылган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө НАТОдогу альянстан тышкары эки тараптуу мамилелер жана аймактык маселелер күн тартибине коюлаары күтүлүүдө.

Эрдоган-Байден жолугушуусу Байден АКШ президенти болуп шайлангандан кийин эки лидердин алгачкы жолугушуусу болот.

НАТОнун саммитинде президент Эрдоган баштаган түрк делегациясынын артыкчылыктуу күн тартиби, Түркиянын эгемендик укуктарын урматтоо жана анын аймагындагы абалдарга байланыштуу коопсуздук сезимталдыгы болот. Саммитте Түркиянын бул маселелерде чечкиндүүлүгү баса белгиленет.

Түркия альянстын алкагында өз милдеттерин аткарган мүчө мамлекет экендиги баса белгиленип, терроризмге каршы күрөшүү жана гуманитардык кризиске натыйжалуу кийлигишүү жаатында кызматташуу сунуштары дагы кайталанат.



Тектеш кабарлар