Эрдоган Байден менен жолугушту

Эки лидердин жабык эшик артында өткөн жолугушуусу 45 мүнөткө созулду.

1657903
Эрдоган Байден менен жолугушту

НАТОнун лидерлер саммитине катышуу үчүн Бельгиянын борбор шаары Брюсселге барган президент Режеп Таййип Эрдоган Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Президенти Жо Байден менен жолугушту.

Эки лидердин жабык эшик артында өткөн жолугушуусу 45 мүнөткө созулду.

Бетме-бет сүйлөшүүдөн кийин делегациялардын жолугушуусу башталды.

Президент Эрдоган бул жолугушуудан кийин маалымат жыйын өткөрөт.


Этикеткалар: #НАТОнун лидерлер

Тектеш кабарлар