«Чеңгел-Чагылган» операциясы жүргүзүлгөн аймакта бир аскер шейит болду
Улуттук Коргоо министрлиги билдирүү жасады.
1656465
Ирактын түндүгүндөгү «Чеңгел-Чагылган» операциясы аймагында террордук уюмдар тарабынан жасалган ракеталык кол салууда бир аскер шейит болду.
Улуттук Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, жикчил террордук уюм ПКК мүчөлөрү тарабынан кечээ «Чеңгел-Чагылган» операциясы аймагындагы базага жасалган ракеталык кол салуунун натыйжасында бир жоокердин оор жаракат алгандыгы жана жеткирилген ооруканада бардык аракеттерге карабастан куткарыла албай шейит болгондугу белгиленди.
Билдирүүдө: «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда өмүрүнөн айрылган шейитибиздин жаткан жери жайлуу болушун тилеп, анын үй-бүлөсүнө, Түрк Куралдуу Күчтөрүнө жана элибизге көңүл айтабыз, - деген сөздөр камтылды.