Ирактын түндүгүндө бир аскер шейит болду
«Чеңгел - Чагылган» операциясынын негизинде колдо жасалган жарылуучу затка басып жараланган бир аскер алып барылган ооруканада шейит болду.
Ирактын түндүгүндө ПКК террордук уюмуна карата жүргүзүлгөн «Чеңгел - Чагылган» операциясынын негизинде колдо жасалган жарылуучу затка басып жараланган бир аскер алып барылган ооруканада шейит болду.
Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматта «Чеңгел - Чагылган» операциясынын негизинде Ирактын түндүгүндө колдо жасалган жарылуучу затка басып жараланган бир аскердин алып барылган ооруканада шейит болгондугу белгиленди.
Маалыматта : «Бизди терең кайгыга салган бул окуяда каза болгон шейитибизге Аллахтан ырайым, кайгылуу үй - бүлөсүнө, түрк куралдуу күчтөрү менен элибизге көңүл айтабыз жана сабыр тилейбиз,- деп билдирилди.
Улуттук коргоо министри Хулуси Акар да шейит болгон аскер үчүн көңүл айтуу жарыялады. Жөө аскер, адис сержант Самет Шекер үчүн билдирүү жарыялаган министр Акар : «Каарман курал жолдошубуз 2021 - жылдын 6 - июнунда шейит болду. Каарман шейитибизге Алладан ырайым, кайгылуу үй - бүлөсүнө жана элибизге көңүл айтып, сабыр тилейбиз»,- деди.