Залкалиани:«Грузиянын НАТО жана ЕБ менен интеграцияланышына Түркия колдоо көрсөтүүдө»

Грузиянын TV Imedi телеканалына берген маегинде Залкалиани, Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвилинин 1-июнда Түркияга жасаган расмий сапарына баа берди.

1652472
Залкалиани:«Грузиянын НАТО жана ЕБ менен интеграцияланышына Түркия колдоо көрсөтүүдө»

Грузиянын тышкы иштер министри Давид Залкалиани өлкөнүн бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө, НАТО жана Европа Биримдиги (ЕБ) менен интеграцияланышына Түркиянын ар тармакта колдоо көрсөткөнүн айтты.

Грузиянын TV Imedi телеканалына берген маегинде Залкалиани, Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвилинин 1-июнда Түркияга жасаган расмий сапарына баа берди.

Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Анкарада расмий жолугушууларда болгон Гарибашвилини жогорку деңгээлдеги меймандостук менен тосуп алгандыгын айткан Залкалиани, Грузия Түркия үчүн коопсуз өнөктөш өлкө экендигин белгиледи.

Залкалиани, Эрдоган менен Гарибашвили эки өлкөнүн ортосундагы 1,5 миллиард доллардык соода көлөмүн 3 миллиард долларга жеткирүү үчүн керектүү көрсөтмөлөрдү бергенин эске салды.

Өлкөнүн бүтүндүгүнө жана эгемендүүлүгүнө, НАТО жана Европа Биримдиги (ЕБ) менен интеграцияланышына Түркиянын ар тармакта колдоо көрсөткөнүн белгилеген Залкалиани: «Түркия биздин стратегиялык өнөктөшүбүз. Түркия ар бир эл аралык аянтчада Грузиянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бекем колдоп жатат»,-деп айтты.

Түркия-Грузия-Азербайжан Баку-Тбилиси-Карс (БТK) темир жол долбоору сыяктуу көптөгөн эл аралык транспорттук жана энергетикалык долбоорлорду ишке ашыргандыгын белгилеген Залкалиани: «Мындай эл аралык долбоорлор аймактын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү»,-деди.

Гарибашвилинин Анкара сапарынын алкагында өткөрүлгөн биргелешкен маалымат жыйынында президент Эрдогандын «Түркия Грузияны аймактык кызматташтыктын ачкычы деп эсептейт» деген сөзүн эске салган Залкалиани, Эрдогандын Грузиянын аймактык жана эл аралык ролун эң туура баалагандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар