Чавушоглу Францияга барды

Чавушоглу социалдык медиада: «Эки тараптуу карым-катнаштарыбызды, ЕБ (Европа Биримдиги) менен кызматташуубузду жана аймактык өнүгүүлөрдү талкуулоо үчүн Парижге келдик»,- деп бөлүштү.

1652680
Чавушоглу Францияга барды

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Франциянын Европа жана тышкы иштер министри Жан-Ив Ле Дриандын чакыруусу менен ушул өлкөгө барды.

Эки күндүк сапардын алкагында Чавушоглу Ле Дриан менен жолугушат.

Түркия-Франция эки тараптуу карым-катнаштары жана Түркия-Европа Биримдиги карым-катнаштары карала турган жолугушууларда учурдагы аймактык маселелер жана эл аралык окуялар боюнча пикир алмашуу болот.

Чавушоглу социалдык медиада: «Эки тараптуу карым-катнаштарыбызды, ЕБ (Европа Биримдиги) менен кызматташуубузду жана аймактык өнүгүүлөрдү талкуулоо үчүн Парижге келдик»,- деп бөлүштү.



Тектеш кабарлар