Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : "Палестина доосун жактоодон баш тартпайбыз"

Мевлүт Чавушоглу : "Эл аралык коомчулуктун каршылыгы тилекке каршы күчсүз болууда"

1641638
Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : "Палестина доосун жактоодон баш тартпайбыз"

 Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Палестина доосун жактоодон баш тартышпай тургандарын айтты. Мевлүт Чавушоглу Түркия Улуттук Парламентинин Жалпы Кеңешинде  сүйлөгөн сөзүндө : «Эл аралык коомчулуктун каршылыгы тилекке каршы күчсүз болууда. Кудум Газада Израиль менен Палестина армияларынын ортосунда согшу болуп жаткандай эки тарапка да чакыруулар жасалды. Айрымдары Израилдин коопсуздугун бардыгынан жогору койду. Газада иштелген согуштук кылмаштар менен адамзатка каршы кылмыштарга көздөрүн жумушту»,- деди.

«Палестина тууралуу Түркияда жалпы тилектештик атмосферасы бар. Муну коргоо жагдайында жоопкерчиликти көрсөтүүбүз керек»,- деген Чавушоглу : «Палестинада жана анын тышындагы жерлерде эзилгендердин үмүтү президент Р. Т. Эрдоган жана түрк улуту»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу : «Президентибиздин лидерлигинде улуу улутубуздун бизге берген күч менен Палестина доосун жактоодон эч качан баш тартпайбыз. Түркия Палестина тууралуу дипломатиялык аракеттердин жол башчысы жана дүйнөдө абийирдин жана адилеттиктин үнү болууну улантат»,- деди.



Тектеш кабарлар