Түркияда Covid-19

Акыркы 24 саатта вирустан 203 киши көз жумду.

1641702
Түркияда Covid-19

Түркияда коронавируска (Covid-19 / Ковид-19) каршы күрөш уланып жатат.

Акыркы 24 саатта вирустан 203 киши көз жумду. Пандемия башталгандан бери илдеттен каза болгон адамдардын жалпы саны 45 миң 186 деп катталды.

Бир сутканын ичинде 217 миң 276 тест жасалып, 916 жаңы бейтап аныкталды. Бир күндө вирус жуктурган киши саны болсо 11 миң 937 болду.

Дарылануусу бүтүп айыккан 10 миң 125 киши менен бирге илдетти жеңгендердин жалпы саны 4 миллион 971 миң 245ке жогорулады.



Тектеш кабарлар