Түркия Израилдин Катар Кызылайы коомунун Газадагы борборунун бомбаланышын катуу айыптады

Элчи Танжу Билгич эл аралык адамзаттык мыйзамдын ачык түрдө бузулушу болгон бул кол салууларда каза болгондор үчүн жана жаралуулардын бат айыгып кетиши үчүн Катар мамлекети жана калкына көңүл айтты.

1641340
Түркия Израилдин Катар Кызылайы коомунун Газадагы борборунун бомбаланышын катуу айыптады

Түркия Катар Кызылайы коомунун Газадагы борборунун Израиль тарабынан бомбаланышы жана Шейх Хамад Бин Халифе Ал Сани ооруканасынын зыян тартышына жол ачкан Израиль кол салууларын катуу айыптады.

Тышкы иштер министрлигинин катчысы, элчи Танжу Билгич бул тууралуу суроого жооп берип, эл аралык адамзаттык мыйзамдын ачык түрдө бузулушу болгон бул кол салуулардын натыйжасында каза болгондор үчүн жана жаралуулардын бат айыгып кетиши үчүн дос жана боордош Катар мамлекети жана калкына көңүл айтты.

Эл аралык коомду Израилдин ашыкча күч колдонууну токтотушу жана эл аралык мыйзамга баш ийүүгө мажбурлоо үчүн аракеттерин күчтөтүүгө чакырган Билгич : «Катар Кызылай  коомунун Газадагы борборунун 2021 -  жыл 17 -  май күнү Израиль тарабынан бомбаланышы менен Шейх Хамад Бин Халифе Ал Сани ооруканасынын зыян тартышына жол ачкан Израиль кол салууларын катуу айыптайбыз»,- деди.



Тектеш кабарлар