Мустафа Варанк электрдүү унаалар жана кубаттоо стандарты тууралуу билдирди

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркияда 2030-жылга чейин 2 миллиондон ашуун электр унаалары жолдордо болоорун айтты.

1641615
Мустафа Варанк электрдүү унаалар жана кубаттоо стандарты тууралуу билдирди

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк Түркияда 2030-жылга чейин 2 миллиондон ашуун электр унаалары жолдордо болоорун айтты.

Түрк стандарттар институту TSE электр унаалары жана кубаттоо системаларынын стандарттарынын жол картасын жарыялады.

Министр Варанк  жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, аталган стандарттын сектордогу кызыкдар тараптардын катышуусу менен даярдалгандыгын белгилеп : «Биздин божомолдорго ылайык, 2030-жылга чейин 2 миллиондон ашуун электр унаалары жолдо болот. Мунун негизги бөлүгү TOGG (Түркиянын ички унаасы) болору шексиз. Бул кубаттуулукту тейлөө үчүн 200 миңден ашуун коомдук кубаттоо пункттары талап кылынат. Бул жактан алып караганда алдыбыздагы жылдарда электрдүү унаалар менен бирге кубаттоо инфраструктурасы да ылдам өсөт»,- деди.

Түркиянын автомобилинин белгиленген календардын негизинде ишин улантып жаткандыгын белгилеген Варанк TOGG башта болгон электрдүү унаалардын өнүгүшү үчүн орчундуу мааниге ээ кубаттоо инфраструктурасын куруу үчүн кенен түрдөгү жол картасынын даярдыктары тууралуу билдирди.

Түрк стандарттары институту даярдаган стандарттын мыйзамдык регламенттерге жана шайкештикти баалоого да салым кошо тургандыгын белгилеген Варанк, бардык кызыкдар тараптардын бирдей тилди колдонушун камсыз кылуу менен техникалык регламенттерде орток тил курула тургандыгын айтты.

 



Тектеш кабарлар